
Жарыяланган
2025-05-03, 18:02Кыргызстандын ички карызынын негизги ээлери болуп банктар, Соцфонд, брокердик жана структуралык компаниялар саналат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал ошондой эле учурда жарандардын мамлекеттик баалуу кагаздарга да мүмкүнчүлүгү бар экенин эске салды. Жеке адамдар аларды банктар жана MegaPay сыяктуу мобилдик тиркемелер аркылуу сатып ала алышат.
"Бул санариптик платформа ишке киргенден бери жарандар 11 миллион сомго жакын облигацияларды сатып алышты", - деди чиновник.
Ал көлөмдүн аз болушун долбоордун эксперименталдык стадиясында жүргөнү менен түшүндүрдү.


