Жарыяланган
2025-11-08, 09:59Бишкекте Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Фучиктин Чүйдөн баштап Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы 11-августтан 31-августка чейин жабылат.
Мэрия жол тыгындарында туруп калбаш үчүн жарандарды коомдук унаа менен жүрүүнү сунуштайт.