Akchabarsearch
    Бишкек шаардык милициясы видеокөзөмөл тутуму үчүн сервер сатып алат

    Жарыяланган

    2025-28-07, 11:00

    Бишкек шаардык милициясы видеокөзөмөл тутуму үчүн сервер сатып алат

    Бишкек шаардык милициясы видеокөзөмөл тутуму үчүн сервер жана маалыматтарды сактоо системасын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. 

    Шарт боюнча тендерди уткан компания сервер менен маалыматтарды сактоо системасын жеткирип, орнотуп жана ишке кошуп бериши керек.  Ал үчүн 14 млн 696 миң сом каралган. 

    Тендер боюнча арыздар 8-августка чейин кабыл алынат. 


    Тектеш материалды окуу