Жарыяланган
2025-28-01, 17:06Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 27-январга карата 172 миллиард 401,3 миллион сомго жетти.
24-январга салыштырмалуу сумма 1 миллиард 375 миллион сомго көбөйгөн. Бул карыз 47,9 миллиард сомдон 49,3 миллиард сомго чейин өскөн 10 жылдык облигациялар аркылуу мамлекеттик карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, 10 жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруу 24-январда болгон. Облигациянын кирешелүүлүгү 16%ды түздү.