
Жарыяланган
2025-09-12, 15:46Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Ирандан ташылып келе жаткан 6.5 тоннадай балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жүктү текшерүү учурунда ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, балык продукциясынын ветеринардык-коштомо кагаздары болгон эмес. Ошондуктан ал артка жөнөтүлгөн.



