Akchabarsearch
Нарын: Борбордук Азия университетине убактылуу берилген айрым жерлер мэрияга кайтарылат

Жарыяланган

2025-11-12, 10:13

Нарын: Борбордук Азия университетине убактылуу берилген айрым жерлер мэрияга кайтарылат

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине пайдаланууга берилген айрым жерлерди мэрияга кайтаруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалым болгондой, 9-декабрда облус башчысы Нурбек Сатаров аталган окуу жайдын ректору Кристофер Герри менен жолуккан. Бул сүйлөшүүгө университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Шамш Кассим-Лакха видеобайланыш аркылуу катышкан. 

Жолугушууда Сатаров облуста, анын ичинде Нарын шаарында бир катар иштер жүрүп жатканын белгилеп, жарандарды турак жай менен камсыз кылууга жер тартыш болуп жатканын билдирген. Ошондуктан Борбордук Азия университетине убактылуу пайдаланууга берилген, бирок курулуш иштери башталбаган жерлерди Нарын шаарына кайтаруу сунушун айткан. 


Тектеш материалды окуу