Жарыяланган
2025-23-07, 13:58Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча базарлардын администрация өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Жолугушууга салык органдарынын кызматкерлери, «Дордой», «Мадина», «Кудайберген», «Элитстрой», «Дордой дыйкан», «Азиз» жана башка базарлардын өкүлдөрү катышкан. Анда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берилген.
Салык кызматы билдиргендей, жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасындагы 0,1% жана 1% салык ставкалары жоюлуп, анын ордуна жүгүртүүсү жылына 50 млн сомго чейин болгон ишкерлер үчүн 0,5% бирдиктүү ставка киргизилди. Салык төлөөчүлөргө патенттин негизинде салыкты каалаган ыкма менен төлөө укугу берилди. Ошондой эле, ишкерлер салыкты алдын ала пландаган кирешесине жараша төлөй алышат.
Жалпы режимдеги ишкерлер товарды патент менен иштеген же өзгөчө салык режими колдонулган аймактагы субъектилерден товар сатып алса, кеткен чыгымды салыктын эсебине кошууга тыюу салынат.
Патент менен иштеген ишкерлерге экспорт жана импорт кылууга чектөө киргизилет. Ошондой эле өзгөчө салык режимде иштеген ишкерлерге товар импорт тыюу салынат.