Akchabarsearch
Ири иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Жарыяланган

2026-27-08, 09:47

Ири иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүгө байланыштуу жабылууда.

Айдоочуларга бул чектөөнү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды пландап алуу сунушталат.


Тектеш материалды окуу