Жарыяланган
2025-05-05, 09:03Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында эл аралык олимпиадалык спорт комплекс курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Комплекс салына турган Кара-Ой айылыныда 4-майда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өтүп, аталган долбоор талкууланды.
Маалым болгондой, бул долбоорду курууга былтыр 17,72 гектар жер тилкеси каралса, быйыл аны кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жаңы спорт комплекс өлкөдө алгач ирет эл аралык жана заманбап талаптарга жооп берген олимпиадалык борбор болот. Жыйын учурунда аймакты кеңейтүүдөн сырткары, ошол жерде 10 миң кишилик стадион куруу жана жөө күлүктөр үчүн өзүнчө чуркоо жолдорун куруу сунуштары каралды.
Долбоор спорттун негизги олимпиадалык жана популярдуу түрлөрүн камтыйт. Тактап айтканда, комплексте төмөнкү инфратүзүмдөр болот:
башкы стадион, 4 машыгуу аянтчасы, кийим алмаштырчу жайлар жана мейманкана менен футбол борбору;
Ошондой эле комплекс аймагында шаарча, медициналык зона, эс алуу аянты, жайкы лагерь, сейил бактар жана кафе да курулат.
Бул спорттук борбор улуттук курама командалардын даярдыгын жакшыртып, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги турнирлерди өткөрүүгө шарт түзөт.
Олимпиадалык спорт комплекстин курулушу мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен ишке ашып, ал ушул жылы башталат.