Akchabarsearch
Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» мелдешин дүйнө жүзү боюнча 500 миллионго жакын адам көрдү

Жарыяланган

2026-06-08, 15:52

Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» мелдешин дүйнө жүзү боюнча 500 миллионго жакын адам көрдү

Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатын болжол менен 500 миллион адам көрдү. Бул тууралуу "Акчабарга" Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, мелдештин түз эфирдеги көрсөтүүсү дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүндө көрсөтүлгөн.

«Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» мелдешин дүйнө жүзү боюнча 500 миллионго жакын адам көрдү», — деди Кубатов.

Ал белгилегендей, чемпионаттын эң негизги жыйынтыгы — Кыргызстандын дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде көбүрөөк таанылышы болду. Эл аралык көрүүчүлөр өлкө дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап спорттук мелдештерди өткөрүүгө жөндөмдүү экенине күбө болушту.

Мелдеш үч күнгө созулду. Биринчи күнү машыгуулар, экинчи күнү квалификациялык жарыштар, ал эми үчүнчү күнү Гран-при өттү. Мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чара Борбор Азияда алгачкы жолу уюштурулду.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, чемпионатка 30 өлкөдөн 20 миңге жакын турист келген. Бир турист орточо эсеп менен 700 долларга жакын каражат короткон. Мындан тышкары, ички туристтер да аймактын экономикасына кошумча киреше алып келген.

Кубатовдун айтымында, учурда Ысык-Көлдө суудагы «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатынын этабын 2030-жылга чейин жыл сайын өткөрүү боюнча келишим даярдалып жатат.

Эл аралык суу-мотор спорту федерациясынын өкүлдөрү Ысык-Көлдү дүйнө чемпионатын өткөрүүгө эң ылайыктуу жайлардын бири катары баалашты.


Тектеш материалды окуу