Жарыяланган
2025-10-07, 16:41Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен Барскоон – Үчтурпан – Аксу жолун кытайлык компаниялар салышы мүмкүн. Бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев коңшу өлкөнүн бир катар корпорациясынын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү.
Жолугушууга Кытайдын Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясынын (China Road and Bridge Corporation) башкармалыгынын төрагасы, Темир жол корпорациясынын 6-бюронун компаниясынын башкы директору Ван Бо, Мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын (China State Construction Engineering Corporation) башкы директору Вэнь Бин жана Улуттук алтын корпорациясынын (China National Gold Group Corporation, Ltd.) башкы директорунун орун басары Ван Цзоман баштаган ири корпорация жана компаниялардын жетекчилери катышкан.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жолду эки тарап буга чейин даярдаган техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде салуу маселеси жана бул долбоор эки өлкөгө кандай пайда алып келери талкууланган.
Жыйынтыгында жеринде сүйлөшүү жүргүзүү үчүн кытайлык делегация Кыргызстанга келе турганы макулдашылган.
Белгилей кетсек, Барскоон – Үчтурпан – Аксу жолу былтыр Ысык-Көлдө, кыргыз-кытай чек арасында ачылган "Бедел" өткөрмө бекети аркылуу өтөт.