
Жарыяланган
2026-23-07, 15:22Кант шаарынын “Кант-Тазалык” ишканасына 63 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган ишкананын унаасы текшерилип, абаны булгап жатканы аныкталган. Ага байланыштуу ишканага 46 миң сом айып салынган.
Андан тышкары жергиликтүү тургундар ишкана бактарды кыйып, аны Октябрь революциясынын 50 жылдыгы көчөсүндөгү таштандылардын үстүнө таштап койгонун айтып арызданышкан. Мындан улам ишканадагы дагы 17 миң сом айып салынган.
Жыйынтыгында ишканага жалпы 63 миң сом айып салынган.



