Жарыяланган
2025-26-08, 09:25“Каркыра-автожол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мындай чечим Казакстандын Президенти Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында мүмкүн болду.
Ага арналган салтанаттуу аземге Чек ара кызматынын директору генерал-майор А. Алимбаев, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги катышты. Казакстан делегациясын Чек ара кызматынын директорунун орун басары генерал-майор Т. Жунусов жетектеди. Иш-чарага эки мамлекттин чек арага канатташ айылдарынын аксакалдары дагы катышты.
Алимбаевдин айтымында, чек арадагы каттамдын туруктуу өсүшүнө байланыштуу өткөрүү пунктунун күнү-түнү иштөөсү — стратегиялык маанилүү кадам. Бул чара чек арадан тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздап, туризм менен соода-экономикалык мамилелерге оң таасир тийгизет.
“Каркыра-автожол” өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу, адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүгө багытталган.
2026-жылы бул жерде заманбап чек ара инфраструктурасы курулуп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен көзөмөл деңгээли жогорулайт деп күтүлүүдө.