Жарыяланган
2026-05-11, 13:50Келечекте бул жылдар Садыр Жапаровдун мезгилиндеги турак жай курулушунун жаңы доору катары элдин эсинде калат. Бул тууралуу 4-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания Каракол шаарында “Хан-Теңири” турак жай комплексинде курган батирлерди ээлерине тапшырып жатып билдирди.
Касымалиев өлкөдө турак жай курулушу кеңири кулач жайганын, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу миңдеген үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болуп жатканын айтты. Ал билдиргендей, президент курулушту өлкөнүн район борборлоруна чейин кеңейтип, ал түгүл айылдардагы эски үйлөрдү жаңылоо боюнча пландарын айтууда.
"Келечекте бул жылдар Садыр Нуркожоевичтин мезгилиндеги турак жай курулушунун жаңы доору катары элдин эсинде калат", - деди ал.
Белгилей кетсек, Караколдогу “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган 530 батир ээлерине тапшырылды. Комплексте жалпы 3430 батирден турган 69 үй курулат. Комплексте бала бакча, мектеп, спорт, балдар аянтчалары, эс алуу жайлары үчүн жер каралган.


