Akchabarsearch
Казакстандан ташылып келген 48 тонна күн карама уну артка кайтарылды

Жарыяланган

2025-05-09, 12:26

Казакстандан ташылып келген 48 тонна күн карама уну артка кайтарылды

Таласта Казакстандан ташылып келген 48 тонна күн карама уну артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, коңшу өлкөдөн алынып келе жаткан күн карама уну кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» бекетиндеги «Жыйынды постунда» текшерилип, фитосанитардык сертификаты жок экени аныкталган. Бул фитосанитардык талаптарды бузуу болуп саналат. Ага байланыштуу жүк артка жөнөтүлгөн. 


Тектеш материалды окуу