
Жарыяланган
2026-03-09, 12:29Казакстанга кириш үчүн акча төлөш керек болуп калат. Казакстан аларга визасыз каттаган чет элдиктер үчүн Qazeta деген электрондук уруксат системасын киргизип жатат.
Эми Казакстанга бара турган чет элдиктер өлкөгө кирерден кеминде 72 саат мурун Qazeta системасында каттоодон өтүп, уруксат үчүн төлөм жасашы керек болот.
Системада алдын ала каттоодон өткөндөр болжол менен 3900 теңге же 750 сом төлөшөт. Ал эми каттоодон өтпөй туруп чек арага баргандар үчүн төлөм 7800 теңге же 1500 сом болот.
Бул төлөмдү ар бир кирген сайын жасоонун кереги жок. Бир жолу төлөгөн уруксат менен Казакстанда 180 күнгө чейин жүрүүгө болот.
Жаңы талаптар чет элдиктерге, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Өзгөртүүлөр жакынкы айларда этап-этабы менен киргизилет.
Тактап айтканда, 1-ноябрдан тарта Казакстанга учак менен барган чет элдиктер Qazeta системасында каттоодон өтүшү керек болот.
Ал эми 30-ноябрдан тарта Казакстанга өткөрүү пункттары аркылуу унаа менен же жөө кирген Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да электрондук уруксат алуу жана тиешелүү төлөмдү төлөө талабы киргизилет.



