Жарыяланган
2025-09-10, 13:49Кыргызстанда миграция маселеси маанилүү бойдон калууда. 2024-жылы өлкөгө 14.7 миң киши келсе, 3.5 миң киши чыгып кеткен. Натыйжада миграциялык өсүш 11.2 миң адамды түздү — бул өткөн жылдарга караганда көбүрөөк.
Кызыгы, 2024-жылы акыркы 30 жылда биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга көчүп келгендер чыгып кеткендерге караганда көбүрөөк болду.
Бирок акыркы жылдардагы эмиграция статистикасы башка жагдайды да көрсөтөт. 2020–2024-жылдардын аралыгында Кыргызстандан туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө 29.4 миң адам кеткен. Алардын ичинен 8.8 миңи же ар бир үчүнчү көчүп кеткен киши- кыргыз.
Эң негизги багыттар болуп мурдагыдай эле Россия менен Казакстан саналат — бул өлкөлөр эмгек мигранттары жана көчүп баруучулар үчүн салттуу кабыл алуучу мамлекеттер болуп эсептелет. Көпчүлүк кетип жаткандар үчүн негизги себептер жумуш табуу, билим алуу жана социалдык мүмкүнчүлүктөр болуп эсептелет.