Akchabarsearch
Келерки аптада өкмөт парламентке жасап жаткан иштери боюнча маалымат берет

Жарыяланган

2026-29-01, 11:45

Келерки аптада өкмөт парламентке жасап жаткан иштери боюнча маалымат берет

Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу келерки аптанын бейшемби күнү министрлер кабинетин парламентке келип, соңку учурлардагы өлкөдөгү жагдайлар боюнча маалымат берүүгө чакырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Тургунбек уулу коомчулукта, айрыкча эки күндөн бери парламентте министрлер кабинетинин жасап жаткан иштерине карата нааразычылыктар көп айтылып жатканын белгиледи. 

“Өлкөдөгү социалдык жана башка багыттагы олуттуу маселелер боюнча министрлер кабинетинин толук курамы келип депутаттардын суроолоруна жооп беришсин”, – деди. 


Тектеш материалды окуу