Akchabarsearch
Кийин кыргызстандыктар да төлөй баштайт. Мейманканада калган туристтерден жыйым алуу пландалууда

Жарыяланган

2025-24-10, 13:57

Кийин кыргызстандыктар да төлөй баштайт. Мейманканада калган туристтерден жыйым алуу пландалууда

Кыргызстанда туристик жыйым чогултуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Каржы министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, туристтик жыйымды өлкөдөгү мейманкана, хостел, санаторий-курорт, эс алуу же конок үйлөрүндө калган адамдар төлөшү керек болот. Бул туристтик жыйым киргизилсе, аны чет жактан келген туристтер гана эмес, Кыргызстандын жарандары да төлөй баштайт. Бул акча республикалык бюджетке түшүп, туристтик инфраструктураны жакшыртууга, маданий мурас объектилерин сактоого жумшалат. 

Мыйзам кабыл алынса, ал 2027-жылы иштей баштайт. Жыйымдын суммасы канча болорун, ал кантип төлөрүн өкмөт аныктап, бекитет.

Ага чейин быйыл 1-ноябрдан тарта чет өлкөлүк жарандардан туристтик жыйым алып баштоо пландалууда. Жыйым бардык жерде алынбайт. Азырынча ал пилоттук долбоор катары Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Ысык-Көл облусунда иштейт. Аталган жыйымды 50 жана андан көп орундуу (50 же андан көп кишиге эсептелген) мейманканаларда калган туристтер төлөйт. Жыйымдын суммасы 100 сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу