Akchabarsearch
Кыргыз-казак чек арасында "Төмөнкү-Чүй" көзөмөл өткөрмө бекетинин курулушу башталды

Жарыяланган

2026-11-11, 13:51

Кыргыз-казак чек арасында "Төмөнкү-Чүй" көзөмөл өткөрмө бекетинин курулушу башталды

Бүгүн, 11-ноябрда Чүй облусунда, кыргыз-казак чек арасында "Төмөнкү-Чүй" эл аралык көзөмөл өткөрмө бекетинин курулушу башталып, капсула салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жаңы өткөрмө бекет 2 жылда салынып бүтөт. Анын аймагында заманбап административдик жана кызматтык имарттар, унааны текшерүүчү жайлар жана башка объектилер курулат. Өткөрмө бекет республикалык бюджеттин эсебинен салынат.

Жаңылана турган бекетте жарандар жана унаалар, анын ичинде чоң жүк ташыган унаалар тез өтүшү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, бул бекет Сокулук районунун Камышановка айылында салынууда. Буга чейин "Төмөнкү-Чүй" бекети "Камышановка" деп аталып, эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөнгө эле колдонулуп келген. 

Кыргызстан менен Казакстандын макулдашуусуна ылайык, ал атын гана өзгөртпөстөн, башка өлкөнүн жарандары да өтүшү үчүн эл аралык макамын алган. 


Тектеш материалды окуу