Akchabarsearch
    Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат

    Жарыяланган

    2025-26-05, 09:23

    Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат

    Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. 

    Маалыматка ылайык, Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы майрамдалгандыктан, коңшу өлкөнүн демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт " жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө бекеттери 31-майда бир күнгө жабылат. 

    Эртеси күнү, 1-июндан тарта өткөрмө бекеттер ишин жандантат. 


    Тектеш материалды окуу