Жарыяланган
2025-25-02, 14:39Социалдык тармактарда “Кыргыз почтасы” ААК жоголгон кутуларды (посылка) сатуу менен алектенет деген жалган маалымат таралууда. Компания мындай операцияларга башкы кеңсе да, анын филиалдары да катышпайт деп расмий билдирди.
Мындан улам жарандарга шектүү шилтемелерди баспай, белгисиз эсептерге акча которбоо сунушталат. Ишенимдүү маалыматты расмий булактардан гана алууга болот.
Суроолор болсо, Кыргызстандын расмий почта кызматтарына кайрылуу сунушталат.