
Жарыяланган
2026-30-03, 10:35“Кыргызалтын” компаниясы өзүнүн банкын ачууну караштырып жатат. Аталган маселе компаниянын башкармалыгынын кароосуна сунушталган. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” 2025-жылдын декабрь айындагы күн тартибинде көрсөтүлгөн.
Компаниянын өзүнүн банкын ачуу тууралуу демилгеси боюнча акционерлер – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (99.7758) жана Каржы министрлиги (0.2242%) кандай чечим кабыл алганы азырынча белгилсиз.
Учурда Кыргызстанда коммерциялык банктардын саны 24тү түзөт. Алардын ичинен “Берекет Банк”, “Алма Финанс Банк” жана “Асман Банк” жакында эле ачылды.
Дагы үч банк – “Мурас Банк”, “Кылым Банк” жана “Почта банк” лицензия берилишин күтүүдө.



