Жарыяланган
2024-05-12, 12:34Он айда Кыргызстандан 22 миң тоннага жакын өрүк экспорттолду. Негизги импорттоочу өлкөлөр Россия (17 миң 50 тонна), Казакстан (5 миң 476 тонна) жана Беларусь (105,1 тонна) болгонун Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Учурда мөмөлүү өрүктөр 12,7 миң гектар аянтты ээлеп, эң көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.
"Кыргызстандын өрүктөрү өзгөчө даамы жана жыты менен белгилүү, бул климаттын, рельефтин жана топурактын өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Бул жемиштер башка өлкөлөрдө өстүрүлгөн өрүктөргө салыштырмалуу таттуураак, чоңураак жана ширелүү", - деп белгилешти ведомстводон.
Кошумчалай кетсек, кыргыз өрүгү химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонбостон өстүрүлүп, экологиялык жактан таза жана ден соолукка пайдалуу. Өрүктүн курамында А, С жана Е витаминдери, антиоксиданттар, ошондой эле мээнин саламаттыгын жакшыртууга жана булчуңдардын релаксациясына жардам берген калий жана магний бар.
Ысык-Көл облусунда Шалах, Султан жана Лимонка, ал эми Баткен облусунда Приция, Магадор жана Микадо сорттору популярдуу.