Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-24-09, 15:40

Кыргызстандык авиакомпания Таиланд, Вьетнам жана Индияга уча баштайт

Ата мекендик "Aero Nomad Airlines "авиакомпаниясы популярдуу туристтик багыттарга жаңы каттамдарды ачат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Алсак, самолет 4-декабрдан тарта Таиланддын Пхукет аралына, 26-декабрдан Пху-Куок (Вьетнам) аралына, 28-декабрдан тарта Гоа (Индия) аралына жумасына бир жолу уча баштайт.

Белгилеп кетсек, бул "Compass" туристтик компаниясы менен кызматташуунун алкагында мүмкүн болду. 


Тектеш материалды окуу