Akchabarsearch
Кыргызстан чет жакка 62.4 млн сомго күрүч экспорттоду

Жарыяланган

2025-23-10, 10:40

Кыргызстан чет жакка 62.4 млн сомго күрүч экспорттоду

Кыргызстан быйыл сегиз айда чет жакка 1008 тонна күрүч экспорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Экспорттолгон күрүчтүн баасы 62.4 млн сомду түзгөн.

Күрүчтүн басымдуу бөлүгү же 677.5 тоннасы – Өзбекстанга (33.85 млн сом) жана Түркияга – 308 тонна (26.9 млн сом) сатылган. Дагы 16.6 тонна – АКШга (524.5 миң сом), 4 тонна – Монголияга (1 млн сом) жана 2 тонна – Тажикстанга (99.7 миң сом) экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу