Akchabarsearch
Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр” оюндарынын брендине өзгөчө укуктарды алды

Жарыяланган

2025-09-12, 18:28

Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр” оюндарынын брендине өзгөчө укуктарды алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына” укук алуу маанилүү окуя экенин белгиледи.  

“Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири глобалдык аянтчалардын бирине айланды. Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу”, - деди ал. 

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пайдубалын түптөп, анын бренд катары өнүгүшүнө зор салым кошкон Асхат Акибаевдин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.


Тектеш материалды окуу