
Жарыяланган
2026-16-06, 15:15Кыргызстан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу үчүн насыя алууну пландап жатат. Тиешелүү алкактык макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңешке ратификацияга келди.
Документтин маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, насыя Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынат. Анын суммасы 2 млрд 75 млн юанды (306.9 млн доллар) түзөт.
Бул насыя 25 жылга алынганы жатат. Анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Үстөгү 1.5%ды түзөт. Кытай өкмөтү 730 млн юань насыянын үстөк пайызын төлөп берүү милдетин өз мойнуна алууда.
Бул темир жолдун 304 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Кыргызстан аркылуу өткөн тилкени Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан биригип сала турган болгон. Ал үчүн Кыргызстанда биргелешкен «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол компаниясы ачылган. Бул компаниядагы Кыргызстандын үлүшү 24.5%ды түзгөн.
Жолду куруу үчүн 4.7 млрд доллар кетет деп эсептелген. Бул акчанын 2.3 млрд долларын Кытай насыя катары бере турган болгон. Калган акчаны үч өлкө биргелешкен компаниядагы үлүшүнө жараша чыгарат: Кытай – 51%, Кыргызстан менен Өзбекстан 24.5%дан.



