
Жарыяланган
2025-24-11, 10:21Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын суу-энергетика мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирди.
Сүйлөшүүлөргө Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, суу чарба министри Шавкат Хамраев катышты.
Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан, Казакстан менен Өзбекстан кыш аяктаганга чейин Кыргызстанга электр энергия бере турган болгон. Ал эми Кыргызстан кышында көп электр энергия өндүрбөй, Токтогул суу сактагычында суу топтоп, келерки жылы сугат учурунда аны эки коңшу өлкөгө берет деп макулдашылган.
Жолугушуунун жыйынтыгында кышында Кыргызстанга канча электр энергия бериле турганы жана Кыргызстан канча суу топтоп бере турганы боюнча протоколго кол коюлган.



