Жарыяланган
2025-08-08, 14:04Кыргызстан Кытайдан картошканын импортун 3622 эсе көбөйттү. Муну Статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын беш айында Кыргызстан чет жактан 903.84 млн сомго 25 миң 377.3 тонна картошка импорттоп, ал Кытай, Пакистан, Германия, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Нидерланд жана Россиядан сатып алынган.
Картошканын көбү Кытай менен Пакистандан ташылып келген. Кытайдан – 19 миң 197 тонна (595.86 млн сом), Пакистандан – 5 миң тоннадан ашык (217.58 млн сом), Нидерланддан – 806.3 тонна (61.63 млн сом), Германиядан – 275.5 тонна (26.91 млн сом), Монголиядан – 41.9 тонна (1.28 млн сом), Россиядан – 8.8 тонна (286.8 миң сом), Казакстандан – 8.4 тонна (273.8 миң сом) жана Өзбекстандан 2.5 тонна (91.4 миң сом) импорттолгон.
Кызыгы Кыргызстан 2024-жылдын беш айына караганда быйылкысында Кытайдан 3622 эсе көп картошка импорттогон. Былтыркы январь-май айларында коңшу өлкөдөн 5.3 тонна гана сатып алынган (жалпы баасы 155.4 миң сом).
Ошондой эле Германия, Нидерланддан импорт көбөйгөн, Россия менен Казакстандан азайган.
Былтыр январь-май айларында Өзбекстан, Монголия жана Пакистандан картошка ташып келинген эмес.