Жарыяланган
2025-07-05, 13:15Былтыр Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-сатык 66 млн долларды түздү. Бул тууралуу Афганистандын Өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичинен Афганистан 6 млн долларга экспорт жасаса, 59 млн долларды импорт түзгөн.
Афганистан Кыргызстанга негизинен жезден жасалган буюмдарды, килем, жер-жемиштерди экспорттогон.