Akchabarsearch
Кыргызстан менен Россия Ысык-Көлдөгү форумда 848 млн долларлык келишимге кол койду

Жарыяланган

2026-07-08, 11:24

Кыргызстан менен Россия Ысык-Көлдөгү форумда 848 млн долларлык келишимге кол койду

5–7-август күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда жалпы суммасы 848.6 млн доллар болгон 40ка жакын келишимге кол коюлду.

Алардын арасында инвестициялык келишимдер, меморандумдар жана Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашуулар бар. Анын ичинен жети келишим эки өлкөнүн облустары жана шаарларынын ортосунда соода, илим, ошондой эле социалдык жана маданий тармактардагы байланышты чыңдоого багытталган.

Келишимдердин басымдуу бөлүгү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун катышуусунда түзүлдү. Алар өнөр жай, айыл чарба, транспорт, логистика, туризм, санариптештирүү жана чакан жана орто бизнести колдоо багыттарын камтыйт.

Тактап айтканда, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда чыгарылган айыл чарба техникаларын лизингге берүү программасына катышууну пландап жатат. Ошондой эле темир жол аркылуу контейнер ташууларды өнүктүрүү жана логистикалык инфраструктураны кеңейтүү боюнча долбоорлор каралган.

Долбоорлордун арасында базальттан жасалган жылуулоочу материалдарды чыгарган заводдун экинчи линиясын куруу, Ысык-Көлдө форель өстүрүүчү чарба ачуу, ички өндүрүштү жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү да бар.

Белгилей кетсек, буга чейин «Акчабар» Кыргыз-Россия экономикалык форумунда өткөн «Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар» аттуу пленардык жыйындын жыйынтыгында жалпы суммасы 545.5 млн доллар болгон жети келишимге кол коюлганын жазган.
 


Тектеш материалды окуу