
Жарыяланган
2026-29-04, 13:24Президент Садыр Жапаров менен Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары тармагында 8 документке кол коюлган.
Кол коюлган эки тараптуу документтер:
- Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу;
- Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
- Маданият тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Айыл чарба жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.



