Akchabarsearch
    Кыргызстан чакан экономикасы бар долбоорлор үчүн шарттарды жеңилдетүүнү сунуштады

    Жарыяланган

    2025-15-08, 12:13

    Кыргызстан чакан экономикасы бар долбоорлор үчүн шарттарды жеңилдетүүнү сунуштады

    Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өнөр жай кооперациясы боюнча долбоорлорду тандоонун эрежелерин чакан экономикасы бар өлкөлөр үчүн кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

    Сунуштарга катышуучулардын саны боюнча талаптарды төмөндөтүү, жабдууларды жеткирүү шарттарын кайра кароо жана субсидиялоо үлүштөрүн өзгөртүү кирет.

    Бул демилге ресурстары чектелүү экономикалар үчүн кооперациялык долбоорлорду жеткиликтүүрөөк кылууга багытталган. Минкабдын төрагасынын айтымында, бул биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө жана технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

    Адылбек Касымалиев өзгөртүүлөр боюнча ишти ЕЭК менен биргеликте жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

       

       
     


    Тектеш материалды окуу