Akchabarsearch
Кыргызстан сегиз айда 22.2 млрд сомдон ашык акчага бензин импорттогон

Жарыяланган

2025-23-10, 11:48

Кыргызстан сегиз айда 22.2 млрд сомдон ашык акчага бензин импорттогон

Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет жактан 560 млн 727.7 миң литр бензин импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Бензин Россия, Казакстан жана Беларустан ташып келинип, анын баасы 22 млрд 258 млн сомдон ашык болгон. 

Бул күйүүчү майдын көбү же 478 млн 132 миң литри Россиядан сатып алынган (18 млрд 850.2 млн сом). Дагы 80 млн 731 миң литри – Казакстандан (3 млрд 293.6 млн сом) жана 1 млн 864 миң литр – Беларустан (114.2 млн сом) импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу