Akchabarsearch
    Чүй облусунда агро өнөр жай аймагы негизделди

    Жарыяланган

    2025-14-07, 10:08

    Чүй облусунда агро өнөр жай аймагы негизделди

    Ысык-Ата районунда "Чүй агро өнөр жай аймагынын" негизделишине байланыштуу капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, долбоор "Кыргыз Агрохолдинг" ААК тарабынан ишке ашырылууда.

    Иш-чарада долбоорду андан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган эки маанилүү келишимге кол коюлду:

    • "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен Түштүк Кореянын DOD Company компаниясынын ортосунда 12 млн доллар өлчөмүндөгү инвестициялык келишим. Бул келишим эт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү, логистика жана заманбап агрардык технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну карайт.
    • "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен "Асыл Тери" ЖЧК ортосунда жалпы суммасы 12 млн долларды түзгөн негизги (рамкалык) келишим. Бул келишим айыл чарба жаныбарларынын терисин кайра иштетүү, атап айтканда, суткасына 24 тонна терини кайра иштете турган тери заводун куруу, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана жаңы жумуш орундарын түзүү багыттарын камтыйт.

    "Чүй агроөнөр жай аймагы" Кыргызстандын агрардык секторуна инвестиция тартуу, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо стратегиясын ишке ашырууда негизги элемент болуп калары белгиленди.


    Тектеш материалды окуу