Жарыяланган
2025-16-10, 11:58Өзбекстан 2025-жылдын сегиз айында Кыргызстанга 57.1 миң тонна алмурут экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Өзбекстан быйылкы январь-август айларында 8 өлкөгө алмурут саткан. Жалпы алганда 554.9 млн долларга 486.6 миң тонна экспорттогон.
Алмуруттун көбү Россияга (251.7 миң тонна), Казакстанга (121.7 миң тонна), Кыргызстанга (57.1 миң тонна), Түркмөнстанга (31.9 миң тонна) жана Иранга (19.6 миң тонна) сатылган.