Akchabarsearch
Кыргызстан өзүн бензин-дизель менен кантип толук камсыз кылат?

Жарыяланган

2026-23-07, 12:27

Кыргызстан өзүн бензин-дизель менен кантип толук камсыз кылат?

2027-жылы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу, 2028-жылы “Кыргыз Петролеум Компани” заводу модернизациядан өткөндөн кийин Кыргызстан өзүн толук көлөмдө бензин-дизель менен камсыздай баштайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, “Жунда” заводундагы жаңылоо иштери келерки жылы аяктагандан кийин ал жерде 800 миң тонна К-5 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт. Ал үчүн Россия жана башка өлкөлөрдөн чийки мунай сатып алынат. Азыр алар менен мунай сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Андан тышкары “Кыргызнефтегаз” ишканасынын “Кыргыз Петролеум Компани” заводу жаңыланууда. Ал үчүн бюджеттен 480 млн доллар бөлүнгөн. Завод 2028-жылы ишке берилет. Ал жылына 500 тонна күйүүчү май чыгара алат.

Бул эки завод жаңыланып иштеп калгандан кийин Кыргызстан өзүн бензин-дизель менен толук камсыздап калат. Ага кошо мунай ташуучулар азыркыдай эле күйүүчү май ташый беришет. Ошондо өлкөдө бензин менен дизелдин баасы туруктуу болуп калат.


Тектеш материалды окуу