Akchabarsearch
Кыргызстанда 15 миңден ашык такси айдоочусу лицензия алды

Жарыяланган

2026-20-04, 16:46

Кыргызстанда 15 миңден ашык такси айдоочусу лицензия алды

Ички иштери министрлиги тарабынан 2025-жылдын 12-сентябрынан баштап жеңил унаа менен такси кылган жарандарга 15 миңден ашык, юридикалык жактарга 410 лицензия берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. 

Урмамбетов ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы лицензия берү боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты. 

Лицензиясы жокторго айып салуу мөөнөтү бир нече жолу жылдырылганын айткан министрдин орун басары айрым жарандар аталган мөөнөт дагы жылдырылат деген ой менен лицензия албай жүргөнүн билдирди. 


Тектеш материалды окуу