
Жарыяланган
2026-05-02, 14:30Кыргызстанда келерки жылы Борбор Азиядагы биринчи өзөктүк медицина борбору салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында минстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Жыйында депутат Камила Талиева онкологиялык оорулар боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, 2015-жылы рак илдетинен 5 миң киши каза болсо, 2025-жылы 6 миң адам көз жумган.
“Бизде алдын алуу деген нерсе барбы?! Биздин медицина рак менен күрөшүүдө комада жатат”, - деди ал.
Данияр Амангелдиев депутат айткан көйгөй чын эле бар экенин белгилеп, бул көп жылдардан бери топтолуп келе жаткан маселе экенин айтты.
Ал саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн акча 5 эсе көп көбөйтүлгөнүн, онкологиялык ооруларга өзгөчө көңүл буруларун билдирди.
“Биз “Росатом” менен ядролук медицина тууралуу келишим түздүк. Келерки жылы бизде Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору курулат”, - деди ал.



