
Жарыяланган
2026-10-03, 15:27Кыргызстанда электр энергиянын бир киловаттынын өздүк наркы учурда 3 сом 3 тыйынды түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде Энергетика министрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда жарандарга 1 кВт/саат электр энергия 1 сом 37 тыйындан берилүүдө. Быйыл 1-майдан тарта баа 27 тыйынга көтөрүлүп, 1 сом 64 тыйынды түзөт.
Орозалиев белгилегендей, тариф көтөрүлгөндө да ал электр энергиянын өздүк наркынын жарымын гана түзөт, башкача айтканда, электр энергия жарандарга дээрлик жарым баасында гана берилген болуп калат.



