Akchabarsearch
Кыргызстанда эмгек акы накталай эмес түрдө төлөнүшү керек
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-22-10, 15:50

Кыргызстанда эмгек акы накталай эмес түрдө төлөнүшү керек

Кыргызстанда юридикалык жактар кызматкерлерге эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөшү керек.

Салык кызматы эске салгандай, Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр 1-октябрдан тарта күчүнө кирген. 

Белгиленгендей, бул талап өзгөчө абал же кырдаал жарыяланганда жана Министрлер кабинети чечим кабыл алган учурда гана аткарылбайт. 

Эреже бузган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң 500 сом айып салынат.


Тектеш материалды окуу