
Жарыяланган
2026-19-01, 17:49Кыргызстанда АйТи (IT) тармагында иштеген кызматкерлердин күнүн киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлик белгилегендей, дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө жылдын 256-күнү (13-сентябрь) IT тармагында иштеген адамдар тарабынан Программисттер күнү катары белгиленип келет.
Ошондой эле 4-апрель көптөгөн өлкөлөрдө Интернет күнү катары майрамдалат. Кыргызстанда ушул күндү АйТи чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү катары белгилөө сунушталууда.
“Бул датаны тандоо санариптик чөйрөнүн өнүгүшүнүн эл аралык деңгээлде таанылган мүнөзүн эске алууга, улуттук санариптештирүү процесстеринин глобалдык технологиялык тенденциялар менен байланышын баса белгилөөгө мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.



