Akchabarsearch
    Кыргызстанда кайсы органдарды трансплантация кылууга уруксат берилди? Кимдер донор боло алат?

    Жарыяланган

    2025-04-06, 16:27

    Кыргызстанда кайсы органдарды трансплантация кылууга уруксат берилди? Кимдер донор боло алат?

    Министрлер кабинети "адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Жобого ылайык, Кыргызстанда бөйрөк, боор жана сөөк чучугун трансплантация жасоого уруксат берилет. 18 жашка толгон туугандар – бабасы, чоң чоң апасы, чоң таенеси жана чоң таятасы бир болгон адамдар гана бири-бирине донор боло алат:

    1) ата-энеси; 2) балдары; 3) ата-энеси бир, атасы же энеси бир  болгон туугандар; 4) чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таенеси; 5) бабасы, чоң таятасы жана чоң чоң энеси, чоң таенеси; 6) неберелери; 7) чөбөрөлөрү; 8) башка кандаш туугандары.

    Ошол эле учурда сөөк чучугун алмаштырууда донор тууган болбосо да болот. 

    Органдарды сатууга, сатып алууга, бирөөнү органын берүүгө мажбурлоого, 18ге толо элек же акыл-эси жетик деп эсептелбеген адамдын органын трансплантация жасоого тыюу салынат. 

    Органды трансплантация кылууга адамга башка дары-дармек же чаралар жардам бербейт деп табылганда, атайын медициналык корутундунун негизинде жол берилет. Донордун дени сак болуп, ага жуп органдарын бирин же ткандарын алгандан кийин ден соолугуна кандай терс таасир тийгизе турганы тууралуу эскертилиши керек. Ал медициналык кароодон өтүп, адис дарыгерлер органын же тканын алууга уруксат берилет деген кагаз жазып бериши кажет.  

    Кыргызстанда 4 мамлекеттик ооруканада гана органдарды трансплантация кылууга уруксат берилет:

    1) Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы; 2) M.M. Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбор; 

    3) Эне жана баланы коргоо улуттук борбору; 

    4) Ош мамлекеттик университетине караштуу медициналык борбор.

    Жобону толугу менен бул шилтеме аркылуу окууга болот. 


    Тектеш материалды окуу