Akchabarsearch
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү сегиз айда 6.8 млрд долларга жетти

Жарыяланган

2026-15-10, 12:30

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү сегиз айда 6.8 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 6.8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 15-октябрда Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан Expo — 2026» эл аралык көргөзмөсүндө билдирди.

Министрдин айтымында, 2024–2025-жылдары өлкөдө 221 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Аларга салынган инвестициянын жалпы көлөмү 1.5 млрд доллардан ашкан.

2026-жылы 113 өнөр жай ишканасын ачуу пландалган. Учурда алардын 66сы пайдаланууга берилди. Өлкөдө жаңы ишканаларды ачуу менен катар заманбап технологияларды колдонууга жана чийки затты кайра иштетип, даяр продукция чыгарууга көңүл бурулууда.

Акунбеков белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБдин курамында болгондуктан жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнө жакын жайгашкандыктан, ишкерлер үчүн продукциясын чет өлкөлөргө сатууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Министр маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун белгиледи. Бул долбоор транспорттук коридорлорду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле продукцияларды ташууну жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Чүй облусунда жана Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парктарды түзүү боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

Ал өкмөт бизнеске колдоо көрсөтүүгө, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, өнөр жай аянтчаларын өнүктүрүүгө жана каржылык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.


Тектеш материалды окуу