Жарыяланган
2025-15-05, 18:38Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн сатып алган мөмө-жемиштерден, кактан суусундук жасаган жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн акциздик салык азайтылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Министрлер кабинети кабыл алган тиешелүү токтом бүгүн, 15-майдан тарта күчүнө кирди. Ага ылайык өлкөдө өстүрүлгөн мөмө-жемиштен, кактан кумшекер кошулуп жасалган шербет, шире, компот, морс сыяктуу суусундуктарга акциздик салык бир литрге 1 сомго деп белгиленди.
Экономика министрлиги билдиргендей, табигый суусундуктарга акциздик салыкты түшүрүү ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясынын баасын арзан болушуна, ички жана тышкы рынокто атаандаштык дараметин арттырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөдөгү дыйкандар өстүргөн мөмө-жемиш, кактарга суроо-талап өсөт деп күтүлүүдө.