Akchabarsearch
    Салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

    Жарыяланган

    2025-01-07, 15:15

    Салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

    Мамлекеттик салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат. Бул тууралуу Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

    Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, алар министрликтин түзүмнөн чыгарылгандан кийин кызматкерлердин саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калат. Бирок натыйжалуу иштөөгө өбөлгө түзүлөт. 

    "Бизде кошумча ыйгарым укуктар болбойт. Мурдагы ыйгарым укуктар, штаттык түзүм калат. Бул кадам чечимдерди тезирээк жана натыйжалуу кабыл алууга шарт түзөт, жоопкерчилигибизди дагы жогорулатат. Президенттин тапшырмасынын негизинде, мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан реформанын бир бөлүгү болуп саналат.

    Эгерде Салык кызматы Каржы министрлиги аркылуу эмес, өз алдынча чечим кабыл ала турган болсо, иш ыргагы тездейт. Бул дагы так ошол реформаларга туура келет", — дейт Шыкмаматов.

    Белгилейт кетсек, Каржы министрлигинин түзүмүнөн Салык кызматы гана эмес, Бажы кызматы да чыгарылат. 


    Тектеш материалды окуу