Akchabarsearch
Кыргызстанда түнкүсүн ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-22-01, 14:29

Кыргызстанда түнкүсүн ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда түнкүсүн ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. 

Депутаттын сунушуна ылайык, түнкү саат 23:00дон эртең мененки саат 08:00го чейин дүкөндөрдө арак баштаган ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Ошондой эле ичимдик айыл-шаарлардын борбордук аянттарынан, сейил бактардан, эс алуу  жана оюн-зоок комплекстеринин аймактарынан 100 метрден алыс жерде гана сатылышы керек. 

Ошол эле учурда түнкүсүн ичимдикти сатууга тыюу салуу кафе-ресторандарга тиешелүү болбойт. Аларда ичимдик түнкүсүн да сатыла берет. 

Депутат ичимдик адамдын ден соолугун буза турганын белгилейт. Маматалиев түнкүсүн  ичимдиктерди сатууга тыюу салынса, ал ичимдик ичип алып жасалган кылмыштардын санынын азаюусуна өбөлгө түзөт деген пикирде.  


Тектеш материалды окуу