Akchabarsearch
Кыргызстанда жасалган балмуздактын экспорту өстү

Жарыяланган

2026-03-07, 14:36

Кыргызстанда жасалган балмуздактын экспорту өстү

Кыргызстанда жасалган балмуздактын экспорту өстү. Муну Статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.  

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жакка 133.7 млн сомго 1 миң 210.2 тонна балмуздак экспорттолгон. Балмуздак бир гана Казакстанга сатылган. 

2025-жылдын төрт айына караганда экспорт 165.6 тоннага көбөйгөн. Былтыр январь-апрель айларында Казакстанга 1 миң 44.8 тонна балмуздык сатылган. 


Тектеш материалды окуу