Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-07-09, 13:41

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды. Президент Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркатты.

Эске салсак, буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, натыйжада айыл аймактарынын саны кыскарган. Маалыматка караганда, 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык кеңеш таркатылды.

Ал эми 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар.

 Президент ошондой эле шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.


Тектеш материалды окуу